Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эскертүүлөргө кыжырлануу менен карагандар бар, - ИИМ

22.04.2020 15:24
809
Эскертүүлөргө кыжырлануу менен карагандар бар, - ИИМ


Ысык-Көл облусунун Каракол шаары, Түп жана Ак-Суу райондорунун аймагында илдеттин алдын алуу жана анын таралышына жол бербөө максатында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлери карантиндик-санитардык посттордо жана фильтрациондук посттордо тынымсыз кызмат өтөөдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Ошондой эле ӨКМдин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, райондук мамлекеттик администрацияларынын кызматкерлеринен жана ыктыярдуу кошуундан турган топтор кызмат кылып жатат.


Мындан тышкары Каракол шаарынын ичинде беш мобилдик топ түзүлүп, жергиликтүү эл арасында илдеттин жайылып кетүүсүн алдын алуу, айдоочуларга өзгөчө кырдаал тартибинин талаптарын жеткирүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.


«Көпчүлүк учурда посттордо турган топтордун айткан кеңештерин жергиликтүү жашоочулар түшүнүү менен кабыл алышууда. Бирок арасында эскертүүлөргө кыжырлануу менен карагандар дагы жок эмес. Мындай учурларда биз маанайды түшүрбөстөн, маектешүүнү ишенимдүү түргө өткөрүп, сиздин ден соолугуңуз биз үчүн башкы максат экендигин айтып, жолуна салуудабыз. Мындай маектен кийин көпчүлүгү кайра кечирим сурашат. Кээ бири кайра кайтып кетип баратканда токтоп, сиздердин айтканыңыздар аткарылды деп жылмаюу менен карашат», - дейт кызматкерлер.


Алар шаар, райондорго калктын муктаждыгына керек болгон азык-түлүк жана медикомент ташыган, жазгы талаа иштери менен жүргөн унаа каттамдарын үзгүлтүксүз каттоосун көзөмөлгө алуу менен бирге, башка эч кандай зарыл себептери жок каттап жаткан унааларга чектөө киргизип, аларга мыйзам чегинде чараларды көрүү иштерин жүргүзүшүүдө. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн