Бугу 15, 2024
Убакыт: 22:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Эски бала бакчада адам өлтүрүүгө шектүү жарандар кармалды

Эски бала бакчада адам өлтүрүүгө шектүү жарандар кармалды

Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.


Маалыматка ылайк, 28-ноябрда Аламүдүн районунун Октябрь айылындагы эски бала бакчанын ичинен О.Г. аттуу жарандын зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн сөөгү табылган.


Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренеси негизинде кылмыш иши козголгон.


Кылмышка шектелип 50 жаштагы Л.Р. аттуу жаран кармалып, ага карата камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган. Ал эми анын шериги 39 жаштагы О.Н. аттуу жарандын жүргөн жери белгисиз болуп жаткан.


23-декабрда милиция кызматкерлери тарабынан О.Н. аттуу жарандын жүргөн жери аныкталып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.


Тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн