Бугу 20, 2024
Убакыт: 23:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Эски саясатчылар кечирим сурап, саясаттан биротоло кетүүчү доор келдиби?

04.12.2020 10:51
640
Эски саясатчылар кечирим сурап, саясаттан биротоло кетүүчү доор келдиби?

Көз карандысыздыктагы, эгемендиктеги 30 жыл… Бул убакыт кичинекей өлкөбүздүн өз жолун таап, туруктуу өнүгүү жолуна түшүп калуусуна толук жетиштүү эле. Швейцария болуп кетпесек да, Сингапурга жетпесек да, ошол өлкөлөргө окшошо тургандай өнүгүү жолу түзүлүшү керек болчу. Тилекке каршы, дагы деле эси тепшибизде отурабыз. Алтургай Советтер союзунан мураска калган завод-фабрикаларды, колхоз-совхоздорду талкалап алып, жаңысын кура элекпиз. Саламаттыкты сактоо тармагын, билим берүү системасын да талкалап алган экенбиз. Айтор, азыркы абалыбыз эгемендикти жаңыдан алган күнгө салыштырмалуу кыйла эле оор. 1991-жылдын 31-августунда төбөбүз көккө жете сүйүнүп, өз алдынча мамлекет болдук дедик эле. Бүгүн болсо ошол мамлекетттүүлүктү өзүбүз коркунучка алып келип кептеп салдык. 


30 жылдан бери карай саясаттан кетпей келаткан саясатчылар жүрөт. Арасында акыркы 10-15 жылдан бери кошулгандары бар. Бирок, алардын баары тең эле бийлик талаш, бийликтин арты менен байлык топтош менен гана алектенип алышты. Коррупция күчөдү. Бийлик бутактарынан интеллигенция, маданият өкүлдөрү дүңүнөн сүрүлүп, алардын ордун мурда-кийин криминалга тийешеси барлар, кат-сабаты дурус жоюлбагандар, «чала спортиктер» ээледи. Мунун баары бийлик башында тургандардын туура эмес жүргүзгөн саясатынын жемиши болду. 


Улам жаңы бийлик келген сайын күнөөнүн баарын Коснтитуциядан издегенди адатка айланттык. Аскар Акаевдин убагында эле Башмыйзам өтө көп жолу өзгөрдү. Андан кийин бийликке келген Курманбек Бакиев да жаңы Конституция жаздырып, кабыл алдыртты. 2010-жылдан кийин Убактылуу өкмөттүн Конституциясын референдум аркылуу ишке киргиздик. Андан кийин Алмазбек Атамбаев ага да жаңы өзгөрүүлөрдү киргиздирди. 5-6-октябрдагы болгон окуядан кийин мамлекет башына келген жаңы бийлик да «Кептин баары Конституцияда экен» деп жаңысын кабыл алдыртуу аракетин көрүүдө. Балким, кептин баары Конституцияда эмес, бийликке кезектешип келип жаткандардын өзүндө болбосун? Ушул суроону алар өздөрүнө өздөрү жолдогулары келбейт. 


Биринчилерден болуп, учурда Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Азимбек Бекназаров өз катачылыгын мойнуна алып, жалпы элден кечирим сурап чыкты.  


«Баарыбызга белгилүү болгондой Аскар Акаев, Курманбек Бакиев дагы өзүнүн Конституциясын жазып, өздөрү каалагандай иштеген. Бирок, Акаев кеткенде ал Конституция өзү менен кошо кетти. Бакиев келгенде ал Башмыйзам менен иштебей, өзүнө ыңгайлуу кылып жазып, иш алып барды. Ал эми 2010-жылдан кийин Убактылуу өкмөт өзүбүз каалагандай өзгөртүп аны менен иштегенге аракет кылдык. Урматтуу кыргыз элим мен Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары кечирим сурайм. Биз сиздерге жакшы мыйзам бере албадык. Биздин Конституциябыз жакшылыкка алып келген жок, турмушуңуздар оңолгон жок. Сиздерге берген убадалар аткарылган жок. Мыйзамдар иштеген жок, чет элге берилген кен байлыктар кайтарылган жок, коомубуз тынчыбай койду. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Конституцияны өзүбүз буздук», - деди ал. 


Эми калгандары дагы кечирим сурашын күтөбүз. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү гана эмес, ушул отуз жыл аралыгында саясатта жүргөндөрдүн баары жалпы элден кечирим сурап, саясаттан биротоло кетүүлөрү керек. Себеби алар мамлекетибизди көк бөрү тарткандай тарткылап жүрүшүп, ушундай абалга алып келишти. Азыр «Президент болом» деген эрендер да Кыргызстандын бүгүнкү абалына себепкерлер. Баары дебейли, дээрлик 80-90%ы мамлекетти талап-тоноого алып келген менчиктештирүү дегенге катышып калгандар. Мамлекеттин, элдин мүлкүн арзыбаган акчага сатып алгандар. Завод-фабрикалардын темирлерин чыгарып Кытайга саткандар. Кыргыздын кен байлыктарынын чет элдик компаниялардын кызыкчылыгына иштеп калуусуна жол ачкандар. 


Булар саясат сахнасында бийлик талашып, байлык талашып, калп эле элге күйүмүш болуп жатышып, баарын талкалашты. Элдин башын маң кылышты. Жаш балдардын келечегин уурдашты. Эгерде буларда абийир дегенден азыраак болсо да калган болсо, анда саясатты биротоло жыйыштырып, анан дагы мамлекеттен уурдагандарынын жок дегенде 50%ын кайра кайтарып берип, өздөрү үйлөрүндө неберелерин эркелетип тынч отуруулары керек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн