Бишкектин Исанов көчөсүндөгү курулуп жаткан үйдүн дубалынын урашы боюнча Биринчи май райондук милициясы текшерүүнү баштады. Бул тууралуу “Кабар” агенттиги билдирди.
“Учурда текшерүү жүрүп жатат, кошумча маалымат кийинчерээк берилет”, - деп айтылат маалыматта.
Бишкек мэриясы аталган жерде эч кандай курулуш иштери жүрбөгүнүн айтып, эски үйдү бузуу жумуштары жүрүп жатканын кошумчалады.
Эске салсак, шаардыктар Бишкектин Исанов көчөсүндө жайгашкан үйдүн курулушу жүрүп жаткан учурда 2-кабатынын дубалы урап түшкөндүгүнө даттанышкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн