«Саясаттагы эски жүздөрдөн чарчадык» деген пикирлердин айтылып келатканына көп эле жылдар болуп калды. Тээ эгемендиктин алгачкы жылдарынан, айрымдары 2000-жылдардын башынан бери карай эле саясатта келаткан депутат, чиновниктерден чынында үмүттөрдүн үзүлгөнүнө көп болду. Бирок, дагы деле ошолор парламентте отурат, дагы деле ошолор парламентке келгиси келет. Баарынан кызыгы «эскилерден чарчадык» деп сөз жүзүндө айтканыбыз менен, добуш берүүдө кайра эле ошолорду өзүбүз шайлап алуудабыз. Парламентти өздөрүнүн менчигиндей сезип калгандары да бар. Болгон дараметтерин. Деңгээлдерин, кандай иштей алыша тургандарын толук көрсөтүп бүтүшсө деле мандаттан ажырагылары келбейт.
Канткенде биз эски саясатчылардан кутула алабыз? Бизге көнүмүш система менен, ар жылда өтүүчү парламенттик шайлоо аркылуу биз эски саясатчыларды тазалай албай турганыбыз белгилүү. Себеби, шайлоого чейин каалагандай сындайбыз, нааразы болобуз, анан добуш берүүгө келгенде эле тууганчылык, жердешчилик жана таратылган акча роль ойноп кетет. Балким, депутаттык мандатка да эки жолкудан ашык шайлануу мүмкүнчүлүгүн чектөө керектир?
Тээ байыркы замандарда уруу башчылары, эл башчылары өтө узак убакыт башкарган. Качан карылык желкеден алганда, же катуу ооруга чалдыкканда башчыны алмаштыруу маселеси каралган. Айрым элдерде бийлик атадан балага мураска калган.
Анан мыйзамдуу өлкөлөр пайда болгондон тартып бийликте отуруунун мөөнөттөрү белгилене баштаган. Римде практика жүзүндө бардык кызматтык орундар бир жылга чейин эле болгон. Себеби, бир жылдан ашык отурса, андан ары аны менчигиндей коргой башташат деген алдын алуу эле.
Негизинен мөөнөттү чектөө – мамлекет башчысы –президенттерге тиешелүү. Көпчүлүк мамлекеттерде эки мөөнөткө гана президент болуп шайланууга мүмкүн. Биздин Кыргызстанда учурда президент бир гана мөөнөткө шайланат. Ал эми парламент депутаттарын шайлоону чектөө дүйнөлүк практикада өтө сейрек кездешет. Ааламга таанымал Уинстон Черчилль британ парламентине 9 жолу депутат болуп шайланган. Бир нече жолу өкмөт мүчөсү жана эки жолу Улуу Британиянын премьер-министри болгон.
Мексиканын конституциясы боюнча депутаттар бир гана мөөнөткө шайлана алат. Ошондой эле ал өлкөнүн президенти да бир гана мөөнөт иштейт. Бул өлкөдө президент менен кошо парламент депутаттары да толугу менен алмашат. Аталган өлкө мындай практикага өздөрүнүн басып өткөн өтө оор сыноолорунан кийин келген. Себеби, мурда Мексикада көптөгөн согуштар жана саясий тирешүүлөр болуп келген. Бийликти күч менен басып алуулар да болгон. Бийликти күч менен алмаштыруу көрүнүштөрү көп болгон Латын Америкасынын басымдуу мамлекеттеринде президенттер бир гана мөөнөткө шайланат.
АКШнын айрым штаттарында да депутаттардын мөөнөттөрүн чектөө боюнча катуу талаптар бар. Бирок, федералдык деңгээлде жок.
Жогорудагы мисалдарды карап отурсак, бизде да эки жолу бийлик революция аркылуу алмашканын аргасыз эстейбиз. Ошондон уламбы, айтор президентти бир гана мөөнөткө шайлап калдык. Буга 2010-жылдагы кабыл алынган Конституция алып келди. Бирок, президентти бир гана мөөнөткө шайлаганыбыз менен, депутаттар баягылар эле болуп жатпайбы. Балким, депутаттарды да эки жолку мөөнөттөн ашыкча шайлоого тыюу салаттырбыз? Биз баары бир азыр Швеция боло албайбыз, ал жакта депутаттар эки жолку шайлоодон ашыкчага талапкер боло алышпайт. Мыйзам алардын эки жолудан ашык депутат болуусун чектеген эмес, болгону өздөрү эле үчүнчү ирет депутат болуп келүүнү туура көрүшпөйт. Бизде мындай практика жакынкы жылдарда ишке ашышы кыйын. Андыктан депутаттардын шайлануу мөөнөтүн чектей турууну мыйзамдаштыруу жагы зарыл болуп жүрбөсүн.
Канатбек Аскаров
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн