Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 05:54
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Эстелик сүрөттүн баасы. Кимдерге айып салынды?

23.06.2020 20:49
2648
Эстелик сүрөттүн баасы. Кимдерге айып салынды?


Карантиндик талап баардык жарандарга бирдей. Баш калаабыздын башкы санитардык врачы Кубан Кундашев экс-премьер Мухаммедкалый Абылгазиев менен коштошуу күнү беткапсыз эстелик сүрөткө түшкөн Өкмөт аппаратынын 28 кызматкерине жалпы суммасы 140 миң сомдук айып салды.


5 миң сомдон айып төлөөчүлөрдүн тизмеси:

1. Премьер-министр Кубатбек Боронов;

2. Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев;

3. Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров;

4. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев;

5. Вице-премьер-министр Аида Исмаилова;

6. Өкмөт аппаратынын экс-жетекчиси Самат Кылжыев;

7. Премьер-министрдин кеңешчиси Артем Новиков;

8. Премьер-министрдин кеңешчиси Кубатбек Рахимов;

9. Премьер-министрдин кеңешчиси Азамат Мукашев;

10. Басма сөз катчысы Адилет Султаналиев;

11. Өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангасындагы чек ара маселелери боюнча Өкмөттүн атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев;

12. Өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангасындагы коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Азамат Араев;

13. Өкмөт Аппаратынын жетекчисинин орун басары, уюштуруу жана аймактык башкаруу бөлүмун башчысы Эмилбек Бусурманкулов;

14. ЕАЭБдеги иштер боюнча КР Өкмөтүнүн атайын өкүлү Алмаз Сазбаков;

15. Өкмөт Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы Асель Чынбаева;

16. Өкмөт Аппаратыны адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысы Рахатбек Мамаев;

17. Өкмөт Аппаратынын эл аралык кызматташуу жана интеграция бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков;

18. Өкмөт Аппаратынын агроөнөр жай жана экология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Жээналиев;

19. Өкмөт Аппаратынын өнөр жай, ОЭК жана жер казыналарын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Маратбек Чолпонкулов;

20. Өкмөт Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Гулмира Абдралиева;

21. Өкмөт Аппаратынын санариптик трансформация бөлүмүнүн башчысы Мунира Тыныстанова;

22. Өкмөт Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Улан Маматканов;

23. Өкмөт Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Жанна Саралаева;

24. Өкмөт Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы Алымбек Орозбеков;

25. Өкмөт Аппаратынын финансылык жана кредиттик саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Данияр Конокбаев;

26. Өкмөт Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эсенгул уулу Чынгыз;

27. Өкмөт Аппаратынын канцелярия башчысы Жеңишбек Асанкулов;

28. Өкмөт Аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн протокол секторунун башчысы Расул Төлөнов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн