Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:32
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Этникалык кыргыздар ЖОЖдордо акысыз билим ала алат. Документтерди кабыл алуу башталды

17.08.2020 15:42
1387
Этникалык кыргыздар ЖОЖдордо акысыз билим ала алат. Документтерди кабыл алуу башталды

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын жогорку окуу жайларына (ЖОЖ) акысыз билим алуу үчүн бюджеттик орундарга сынак башталганын маалымдайт. 

Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, конкурска Тажикстан, Өзбекстан, Түркия, Казакстан жана Кытай Эл Республикасынын жарандары болгон этникалык кыргыздар катыша алышат.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгү документтерди тапшырышы зарыл:

▪️Министрдин орун басарынын атына арыз (формасын бул жерден жүктөп алууга болот);

▪️Анкета (формасын жүктөп алыңыз);

▪️Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү (талапкер паспорт ала элек болгон учурда), нотариалдык күбөлөндүрүлүп, орус же кыргыз тилине которулган;

▪️Алган билими тууралуу документинин (аттестаттын же дипломунун) көчүрмөсү, орус же кыргыз тилине которулуп, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн болушу керек;

▪️Билиминин деңгээли тууралуу маалымкат (Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен алынат);

▪️Үй-бүлөсүнүн курамы тууралуу маалымкат;

▪️Академиялык тармакта жетишкендигин тастыктоочу сертификаттар, грамоталар, дипломдор;

▪️Орус же кыргыз тилинде жазылган мотивациялык эссе – Кыргызстандын аймагында турган этникалык кыргыздар үчүн гана (формасын бул жерден жүктөп алууга болот);

▪️086-у формасындагы медициналык маалымкат;

▪️ВИЧ/СПИДдин жоктугу тууралуу медициналык маалымкат;

▪️3х4 см өлчөмдөгү 6 даана сүрөт.

Кыргызстандын аймагында турган, жарандыгы чет өлкөлүк этникалык кыргыздардын документтерин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2020-жылдын 10-сентябрына чейин кабыл алат.

Кыргызстанда турган, жарандыгы чет өлкөлүк этникалык кыргыздар үчүн каралган ЖОЖдордун жана багыттардын тизмеси (жүктөп алыңыз).

Документтер күн сайын саат 14:00дөн баштап 17:30га чейин гана Билим берүү жана илим министрлигине кагаз түрүндө тапшырылат.

Дареги: Бишкек ш., К.Тыныстанов көч., 257, Эл аралык кызматташтык жана инвестицияларды тартуу бөлүмү, тел.: +996 312 621519. Ошондой эле документтерди электрондук түрдө төмөнкү дарекке жөнөтсө болот: [email protected].

"Толук эмес жана кабыл алуу мөөнөтү өтүп кеткенден кийин жөнөтүлгөн документтер каралбайт", - деп баса белгилешти министрликтен.

Тажикистан, Өзбекстан жана Кытай Эл Республикасынын аймагында турган этникалык кыргыздардын документтерин кабыл алуу иштерин аталган өлкөлөрдө жайгашкан Кыргыз Республикасынын элчиликтери жүргүзөт. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн