Бугу 08, 2024
Убакыт: 01:53
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Этти өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1% өскөн

29.03.2021 09:06
821
Этти өндүрүү  өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу  1%  өскөн

2021-жылы 1-мартка карата республикада чарбакер субъекттер тарабынан 60,7 миң тонна эт өндүрүлгөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 572 тоннага же 1%га көптүк кылат, деп билдирет КРнын айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы.


Анын маалыматы боюнча, республикада этти өндүрүүнүн көбөйүшү чочко жана бакма үй канаттууларынан тышкары айыл чарба жаныбарларынын санынын өсүшүнө байланыштуу.

Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2021-жылы 1-январга карата ийри мүйүздүү бодо мал 35 миң башка көбөйүп, 1715,7 миң башты, кой жана эчки 11,9 миң башка көбөйүп, 6278,7 миңди, жылкы 17,0 миң башка көбөйүп, 539,6 миңди, үй канаттуулары 201,4 миң башка көбөйүп 6211,1 миң башты түзгөн, ал эми чочко 5,3 миң башка азайып, 29,4 миңди, бакма үй канаттуулар 140,7 миң башка азайып, 6070,4 миң башты түзгөн.

Белгилей кетүүчү жагдай, республиканын бардык облустары 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу этти көп өндүргөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн