Кыргызстанда эттин чекене баасы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.
Маалыматка ылайык, республика боюнча уйдун этине болгон баалар 1 кг үчүн орточо 478,1 сомду түзгөн жана өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 77,9 сомго же дээрлик 20 пайызга өскөн. Ал эми койдун этинин баасы (тиешелүүлүгүнө жараша), 484,7 сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 25%га кымбаттаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн