Бугу 07, 2024
Убакыт: 22:42
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Евробиримдик Кыргызстанга санариптештирүүгө кайтарымсыз 3 млн евро берди

11.01.2024 10:57
267
Евробиримдик Кыргызстанга санариптештирүүгө кайтарымсыз 3 млн евро берди


8-январда Европа Биримдиги Кыргызстандагы санариптик трансформация тармагындагы бюджетти колдоо үчүн КР министрлер кабинетине 3 млн евро (295 млн сом) которду.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, аталган гранттык каражаттар төмөнкү иштерге жумшалат:

  • Жогорку технологиялар паркындагы санариптик компетенциялар боюнча инновациялык борбордун ишин жеңилдетүү үчүн;
  • өлкөнүн бардык аймактарында Санарип-Аймак системасын илгерилетүүгө;
  • калкка электрондук кызматтарды көрсөтүү жана өлкөнүн киберкоопсуздугун жогорулатуу үчүн.

Аталган каражат бюджеттик колдоо программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана тармактык министрликтерде маалымат базаларын жүргүзүүгө жана бүтүндөй өлкө боюнча санариптик экономиканы өнүктүрүүгө багытталат.

Ошондой эле бюджеттик колдоо электрондук башкарууну, ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту өнүктүрүү үчүн Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин жардамы менен мамлекеттик органдар үчүн окутуу программалары менен коштолот.

Белгилей кетсек өлкөнүн ичинде жеткиликтүү санариптик трансформация, анын ичинде жогорку ылдамдыктагы интернет КР министрлер кабинети менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташуунун негизги артыкчылыктарынын бири.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн