Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Евробиримдик президент Жээнбековду өлкөдөгү жалгыз легитимдүү институт деп тааныйт

13.10.2020 08:59
923
Евробиримдик президент Жээнбековду өлкөдөгү жалгыз легитимдүү институт деп тааныйт

Евробиримдик (ЕБ) Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду өлкөдөгү жалгыз конституциялык бийлик жана мыйзамдуу институт катары тааныйт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет. 

Евробиримдик анын лидерлигине таянат жана Кыргызстандагы туруктуулук тынчтык диалогунун жардамы менен ишке ашат деп ишенет.

Бул тууралуу 12-октябрда Евробиримдиктин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго жолдонгон Евробиримдиктин Эл аралык иштер боюнча жогорку комиссары Жозель Боррелдин кайрылуусунда айтылат.

Евробиримдиктин Эл аралык иштер боюнча жогорку комиссары өз кайрылуусунда Президент Сооронбай Жээнбековдун Кыргыз Республикасы менен Евробримдиктин ортосундагы эки тараптуу мамилелерге, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Евробиримдик ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө жаңы макулдашууну илгерилетүүгө кошкон эбегейсиз зор салымын белгиледи.

"Евробиримдик парламенттик демократиянын тагдырына кайдыгер карабаган Кыргызстандын чыныгы досу жана ишенимдүү өнөктөшү бойдон калууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Евробиримдик өлкөнүн президентинде учурдагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн жетиштүү сандагы күчтөр жана механизмдер бар деп эсептейт. Евробиримдик бардык саясий күчтөрдүн, күчтүү жарандык коомдун жана жаштардын колдоосу менен Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү кризистен алып чыга алат деген үмүтүн билдирет.

Мындан сырткары, Евробиримдик жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга, анын ичинде Кыргызстандагы парламенттик шайлоону кайтадан өткөрүүгө даярдыгын билдирди. Буга чейин, Евробиримдик пандемияга байланыштуу да Кыргызстанга жардам көрсөткөн.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Ту
Туура деп ойлойм менен кошулам