Бугу 05, 2024
Убакыт: 13:03
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Европа Биримдиги Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүүгө кызыкдар

15.12.2022 14:36
1111
Европа Биримдиги Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүүгө кызыкдар

Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргызстанндагы Европа биримдигинин өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Мэрилин Йосефсон менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


«Эки тараптуу кызматташтыктын жана аймактар аралык байланыштардын динамикасы жыл сайын сапаттык жактан өсүүдө, Кыргызстан менен Евробиримдик өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүү жогорулоодо. Биз Евробиримдик менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө даярбыз», - деди Акылбек Жапаров.


Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, кыргыз тарап климаттын өзгөрүү кесепеттерин жумшартуу контекстинде «жашыл» экономикага трансформациялоонун жана ресурстарды үнөмдөө маанилүүлүгүн түшүнүү менен, аз көмүртектүү циклдүү экономиканын ийгиликтүү моделдерин киргизүү боюнча Евробиримдик менен кызматташууга кызыкдар.


«Ошондой эле биз региондун өлкөлөрү жана Европа Биримдиги менен энергетикага тикелей инвестиция тартуу, ГЭСтерди куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жаатында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдарбыз», - деди Акылбек Жапаров.


Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн виза режимин жеңилдетүү жана ЕБ өлкөлөрүндө ишке орношуу маселелерине токтолду.


Кыргыз Республикасындагы Европа биримдигинин өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Мэрилин Йосефсон өз кезегинде эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди. Ал жашыл экономиканы жана санариптештирүүнү өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн