Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 19:55
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр коронавируска каршы калкты жапырт эмдөөдөн өткөрө баштады

28.12.2020 10:16
501
Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр коронавируска каршы калкты жапырт эмдөөдөн өткөрө баштады

Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөрдө жекшемби күндөн тартып коронавируска каршы калкты Pfizer жана BioNTech компанияларынын вакцинасы менен жапырт эмдөө башталды.


«Интерфакс» агенттигинин маалыматына караганда, эмдөөдө тобокелдик тобуна кирген жарандарга, анын ичинде улгайган адамдарга артыкчылык берилет. Германия, Франция, Австрия, Италия, Испания жана Болгария эмдөө иштерин жекшемби күндөрү баштаса, Бельгия менен Люксембургда 28-декабрда, Нидерландда 8-январда башталат деп күтүлүүдө.


Буга чейин Pfizer жана BioNTech компаниялары жыл соңуна чейин ЕБге 12,5 миллион доза вакцина жеткирүүгө даяр экенин билдиришкен.


Мурдараак Европанын дары-дармек каражаттарын көзөмөлдөө агенттиги бул вакцинанын коопсуздугу жана натыйжалуулугу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, аны жактырган.


Учурда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө коронавируска каршы «Pfizer-BioNTech» вакцинасы колдонулууда. Буга чейин АКШ, Британия, Канада, Израил эмдөөнү баштаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн