Европа-2020 чемпионатында Дания-Финландия беттешинде жүрөгү токтоп жыгылган Кристиан Эриксен кайрадан футболго кайтууга даярданууда. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары кабарлады.
Маалыматка ылайык, жүрөк оорудан кийин италиялык "Интер" клубу Эриксен менен болгон келишимди жокко чыгарган.
Азыр учурда футболчу Даниядагы "Оденсе" клубу менен машыгууларды өткөрүп жатат.
29-жаштагы жарым коргоочу Катар-2022 дүйнө чемпионатына катышууга ниеттенүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн