Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 18:12
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Европа биримдиги Бишкектеги ымыркайлар үйүнө жардам колун сунду

22.07.2020 16:38
962
Европа биримдиги Бишкектеги ымыркайлар үйүнө жардам колун сунду


Европа биримдиги Бишкек шаардык Балдар жана үй-бүлөлөрдү калыбына келтирүү боюнча адистештирилген борборуна (Ымыркайлар үйү) жеке коргонуу каражаттарын тапшырды, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бир жолу колдонулуучу 200 халат, 1 миң 750 даана медициналык бет кап, кол кап, 150 литр антисептик, 28 санитайзер жана 5 байланышпаган термометрди аталган борбордун директору Чолпон Арыкпаева кабыл алды.

Эскерте кетсек, бул борбордо 30 кызматкер, анын ичинен 2 дарыгер жана 6 медайым иштейт. Кызматкерлердин жарымы шаардык балдар клиникалык ооруканасынын тез жардам кызматына жөнөтүлгөн.

Ымыркайлар үйү Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттыкты сактоо уюмуна карайт. Райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары менен биргеликте медициналык, педагогикалык жана социалдык багытта иш алып барат.

Аталган ымыркайлар үйүнө күнү-түнү оор турмуштук кырдаалга кабылгандар же камкордукка, коргоого муктаж болгон балдар келет. 21-июлга карата борбордо 35 балага медициналык жана психологиялык колдоолор көрсөтүлүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн