Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 11:44
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.945
0.970

Европа биримдиги Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу атайын билдирүү таратты

13.04.2021 14:52
962
Европа биримдиги Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу атайын билдирүү таратты


Европа биримдиги Кыргызстандагы референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого байланыштуу атайын билдирүү таратты, деп жазды “Азаттык”.

Анда уюм жергиликтүү кеңештерге шайлоо партиялар арасындагы атаандаштык шартында өткөнүн белгилеген. Аялдарга каралган 30% квотаны оң жылыш катары баалаган.

Уюм ошондой эле көз карандысыз байкоочулардын шайлоодо добуш сатып алуу, добуш берүүнүн купуялуулугунун бузулушу өндүү мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүлөрүнө көңүл бурган.

Мындан улам Евробиримдик кыргыз бийлигин мындай мүчүлүштүктөрдү шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу, аларды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү аркылуу жоюуга чакырган.

Еврошаркет андан сырткары Венеция комиссиясы менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Кыргызстандын Конституциясынын жаны долбоору тууралуу корутундусун эске алуу зарылдыгын белгилеген. Ал корутундуда сунушталган Баш мыйзам кабыл алынса, бийлик бир колго топтолору, тең салмактуулук бузулары айтылган.

Уюм Кыргызстандагы реформаларга жана көйгөйлөрүн чечүүдө мындан ары дагы колдоо көрсөтө берерин билдирген.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн