Бугу 15, 2024
Убакыт: 01:58
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Европа чек араларын качан ачары белгилүү болду

11.06.2020 11:42
1133
Европа чек араларын качан ачары белгилүү болду

Евросоюз ички чек араларын толугу менен июнь айынын аягында ачат. Бул тууралуу еврокомиссар Илва Йоханссон маалымдаганын Reuters жазды. 


"Алгач Шенген зонасынын иштешин калыбына келтирүү керек. Андан кийин тышкы чек араларды ачууга киришүү зарыл", - деди ал. 


Еврокомиссия 15-июндан баштап чек аралардан өтүүгө тыюу салууларды алып салууну сунуштаган. Бирок, баардык мамлекеттер чектөөлөрдү ушул айдын аягына чейин узартууну чечишкен. 


"Муну менен тышкы чек аралардагы чектөө июнь айынын аягына чейин болот. Ал эми июль айынын башынан тарта чек араларды ачуу маселеси каралат"- деди Йоханссон.


Учурда Евросоюздун кээ бир өлкөлөрү чек араларын ачып башташты. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн