Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин 21-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Луганск жана Донецк элдик республикасын эгемендүү өлкө катары таануу боюнча Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары билдирди.
Маалыматка ылайык, Россиянын бул чечимин Беларусь, Түштүк Осетия, Абхазия сыяктуу өлкөлөр колдой турганын билдирди.
Ал эми Европа өлкөлөрү жана АКШ, НАТО жана БУУ Россия Федерациясынын бул чечимин кескин сынга алып, катаал санкцияларды киргизерин билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн