Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 16:02
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Европада 12 командадан куралган жаңы "Европа Супер лигасы" түзүлдү

19.04.2021 08:05
1867
Европада 12 командадан куралган жаңы "Европа Супер лигасы" түзүлдү

Европада 12 гиганттык клубдардан куралган жаңы "Европа Супер лигасы" турнири түзүлдү. Бул чет элдик басылмалар жазды.


Маалым болгондой, бул турнирге Англиядан "Манчестер Сити", "Манчестер Юнайтед", "Челси", "Ливерпуль", "Арсенал", "Тоттенхэм Хотспур" клубдары, Испаниядан "Реал Мадрид", "Барселона", "Атлетико" жана Италиядан "Ювентус", "Милан" жана "Интер" клубдары мүчө болгон.

Дагы 3 клуб жаңы лигага катышуу ниетин билдирген.


Бул лигада жалпы 20 команданын ойноосу пландалууда. Турнир 2021-жылдын август айында башталышы мүмкүн.

20 команда эки группага он-ондон бөлүнүп ойнойт. Эки группанын алдыңкы 3 командасы дароо чейрек финалга жолдомо алат.

Аталган турнирдин түптөөчүсү жана демилгечиси "Реал Мадрид" клубунун президенти Флорентино Перес болуп эсептелет.




 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн