Европа өлкөлөрү коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө башкалардай эле катаал чараларды киргизип, жазаларды колдонуу менен адамдарды зарылчылык болбосо үйлөрүнөн чыкпай турууга үндөп жатат.
Коронавирустан эң көп жабыр тартып жаткан Италия – максималдуу түрдө катаал карантинге алынган. Дүкөндөрдөн башкасынын баары жабык. Эшикке чыккан жарандар эмне үчүн чыккандыгы тууралуу жазылган кагазга ээ болушу керек. Карантиндин режимин бузгандарга 300дөн 4000 еврого чейин айып салынат. Эгерде көчөдөн коронавирус аныкталган адам кармалса, аны 5 жыл абакка кесүү коркунучу күтүп турат.
Испания
“Милиция кызматкерлери көптөрүн текшерип турат. Эгерде жазуу түрүндө уруксаты жок жумушка же башка жакка бараткан болсо айып салынат, керек болсо абакка кесип да жиберүү мүмкүн”, - деп жазат Испаниядан Рамон Виларо Гиралт.
Испанияда карантин 14-мартта кирген. Полиция элдердин топтолуусуна, аянтка, көл жээгине жана башка аймактарга баруусуна тыюу салган. Азык-түлүк алууга бир күндө бир гана маал жана бир үй-бүлөдөн бирден гана кишиге чыгууга уруксат берилет.
Айып пул 30 евродон 1 жыл абакка кесүү чарасы каралган. Мисалы, 23-март күнү бир аял абакка кесилди. Ал интернет аркылуу таанышкан адамы менен Тортоса шаарында жолугуп, кайра келе жаткан жеринен кармалган.
Германия
Эгерде кимдир бирөө кече уюштуруп, же экиден ашык адамды чогултса 200 евро айып салынат, деп жазды Штефани Вайнбергер.
Германияда 23-мартта тартта федералдык деңгээлде жаңы катаал эрежелер кабыл алынды. Экиден ашык адам чогулса, же жашаган жеринен башка аймактан табылса 25 миң еврого чейин айып пул салынат.
Чехия
Чехияда өзгөчө абал жана катуу тыюулар 13-марттан бери киргизилди. Көчөгө зарыл болгон учурда гана жана коргонуучу бет кап кийип чыгууга гана уруксат берилет. Адамдарды көзөмөлгө алуу оңой жүргүзүлүп жатат. Мисалы, 19-март күнү 1316 киши көчөдө бет кабы жок жүргөн жеринен кармалган. Алардын 14үнө сот аркылуу айып пул өндүрүү каралды, калгандары түшүндүрүү иштеринен кийин коё берилген.
Польша
Польша бийлиги дагы көчөдө максатсыз жүргөндөргө жана экиден ашык адамдын чогулуусуна тыюу салган. 24-марттан баштап кирген карантинден кийин чиркөөдө имамдардын бештен ашык чогулбоосу керектиги эскертилген. Тыюулар 11-апрелге чейин киргизилди, эгер эрежени бузгандар болсо 5000 алтын (93 миң сом) айып салынат.
Британия
Британ өкмөтү бир күндө бир жолу сейилдөөго уруксат берет, бирок экиден ашык адамдын чогулуусуна тыюу салынат. 23-мартта тарта айып пулдун көлөмүн 30 фунтка көтөрдү. Полиция айып пулду төлөө оңой дегенден көрө биринчи кезекте түшүнүүнү, мыйзамды сыйлоо адебин көрсөтсө жакшы болоорун айтып, адамдарды көзөмөлгө алуу мүмкүн эмес экенин айтат.
Калгандары
Жалпы Европа өлкөлөр тобу коронавируска каршы күрөшүү деңгээлине жете элек. Мисалы, Бенилюкс, Балтия, Финляндия, Швеция жана Норвегия сыяктуу өлкөлөр башка кошуна мамлекеттер менен чек арасын жапты, бирок көчөгө эркин чыгууга тыюу салуу боюнча катаал чараларды колдонуу деңгээлине жете элек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн