Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Европада кыргызстандык терроризмге шектелип кармалды

07.07.2023 11:43
327
Европада кыргызстандык терроризмге шектелип кармалды


Европада террорчулукка шектелген Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген тогуз иммигрант кармалды. Бул тууралуу “Азаттык” Германиянын Башкы прокуратурасына таянуу менен билдирди.


Кармалгандар Германия менен Голландияда экени такталды. Германияда түркмөн жараны, Кыргызстандын бир жараны жана Тажикстандын беш жараны кармалды.


Кыргыз Республикасынын жараны Аброржон К., тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, өткөн жылдын апрель айынан бери “Ислам мамлекети” террордук уюмуна акча чогултуп, чет элдик эсептерге акча которуп жүргөн.


Нидерландияда өлкөнүн Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, теракт даярдаган деп шектелген алардын шериктери кармалды. Бул жубайлар: 29 жаштагы тажик жараны жана 31 жаштагы Кыргызстандын жараны.


Кармалгандар террористтик коомчулукту түзүүгө жана ага катышууга, ошондой эле “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна колдоо көрсөтүүгө (Германиянын Кылмыш-жаза кодексинин 129а жана 129б-беренелери) шектелүүдө.


Тергөөчүлөрдүн айтымында, кармалгандардын баары Борбор Азия мамлекеттеринен келип, бири-бири менен көптөн бери тааныш жана радикалдуу ислам көз караштарын карманышат. Буга чейин алардын баары Украинада жашашкан, бирок 2022-жылдын жазында орус аскерлеринин чабуулу башталгандан кийин качкындардын атын жамынып, Германияга көчүп кетишкен.


Кармалгандардын баары Германия менен Голландиядагы тергөө абагында кармалууда.


Кыргызстандын Германиядагы элчилиги бул камоолор боюнча комментарий бере элек.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн