Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:40
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Европадагы 10 өлкө коронавирустун экинчи толкуну башталганын жарыялады

25.09.2020 16:19
1370
Европадагы 10 өлкө коронавирустун экинчи толкуну башталганын жарыялады


Европада коронавирустун экинчи толкуну башталды жана ал биринчисине салыштырмалуу масштабдуу болот. Мындай жыйынтыкка Франция, Италия жана Даниянын окумуштуулары келишти, деп жазат Scientific Reports журналы. 


Маалыматка караганда, окумуштуулар иштеп чыккан математикалык моделге караганда, экинчи толкун 2021-жылдын январь айына чейин созулат. Учурда Европанын 10 өлкөсү, тактап айтканда Бельгия, Босния, Хорватия, Чехия, Греция, Нидерланд, Сербия, Словакия, Словения жана Испания коронавирустун экинчи толкуну башталганын расмий жарыялады. 


Окумуштулардын божомолу боюнча кийинки кезек Франция жана Норвегияга жетерин, андан соң экинчи толкун Италияда октябрдын ортосунда, Финляндияда октябрдын соңунда, Улуу Британия жана Швецияда ноябрь айынын башында болорн айтышты. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн