Бугу 02, 2024
Убакыт: 04:04
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Европадан инвестиция тартуу маселеси талкууланды

13.02.2020 13:29
627
Европадан инвестиция тартуу маселеси талкууланды


     12-февралында Брюссель шаарына жумушчу сапарынын алкагында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Еврокомиссиянын Борбор Азия, Жакынкы Чыгыш, Түштүк-чыгыш Азия боюнча бөлүмүнүн башчысы Р.Йодиче менен жолугушту.


     Тараптар КРдагы ЕБнын долбоордук-программалык иштерине тийиштүү маселелерди, анын ичинде, 2014-2020-жылдарга карата Көп жылдык индикативдик программаны ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.


     Министр Айдарбеков ЕБнын БА боюнча жаңы Стратегиясынын алкагында ЕБнын БАдагы долбоордук-программалык ишмердүүлүгүнүн мазмундуу толукталышынын маанилүүлүгүн белгиледи. Кыргыз тарабы региондун транспорттук жана логистикалык инфратүзүмдөрүн, туруктуу энергетиканы, ирригацияны, IT-технологияларын өнүктүрүүгө жана инвестицияларды тартууга, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоого жана климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин баса белгиледи.


     Ошондой эле 2021-2027-жылдарга карата Көп жылдык индикативдик программага жана Регионалдык индикативдик программа кыргыз тарабынын сунуштарын кошуу маселелери талкууланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн