Дары каражаттары боюнча Европалык агенттик Эбола безгегин дарылоого колдонулган Veklury (Remdesivir, “Ремдесивир”) препаратын сатыкка чыгарууга шарттуу түрдө уруксат берүүнү сунуштады деп маалымдады агенттиктин басма сөз кызматы.
Аталган дары менен 12 жаштан жогорку балдарды жана чоңдорду дарылоого болот.
“Ремдесивир” Еврпосоюзда COVID-19ду дарылоо үчүн уруксат алуу сунушталган биринчи препарат болуп саналат. Сатууга шарттуу уруксат берүү – бул COVID-19 сыяктуу пандемиялык өзгөчө кырдаалдарда медициналык муктаждыктарды канаатандырууну жеңилдетүү үчүн Евросоюздагы нормативдик механизмдердин бири болуп эсептелет.
Жактыруунун мындай түрү адатта талап кылынган таасири тууралуу маалыматар аздыгына карабастан, препаратты сатыкка чыгарууга мүмкүндүк берет.
“Ремдесивирди” пайдаланууда чектөөлөр бар – ал медициналык мекемелердин шартында гана төрт күндөн кем эмес жана 9 күндөн ашпаган убакытта кан тамырга тамчылатуу жолу менен куюлат.
Эске салсак, АКШда май айынын башында коронавируска каршы “Ремдисивирди” колдонууга шашылыш уруксат берилген. Ал эми Россияда бул дары учурда сыноолордон өтүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн