«Евровидение - 2022» ыр сынагын украиналык топ Kalush Orchestra жеңди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Маалыматка ылайык, Kalush Orchestra добуш берүүнүн жалпы жыйынтыгында 631 упай топтоп жеңүүчү аталды. Украиналык топ Stefania ырын аткарды.
Kalush Orchestra калыстардын добуш берүүсүнүн натыйжасында 192 упай топтоп 4-орунду ээлеген. Ал эми көрүүчүлөрдүн 439 упайын кошкондо биринчи орунга чыккан.
Экинчи орунду Англия, үчүнчү орунду Испаниялык ырчы ээледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн