Бугу 04, 2024
Убакыт: 21:53
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

ФИФАнын президенти Инфантино Кыргызстанга келет

25.04.2023 16:21
848
ФИФАнын президенти Инфантино Кыргызстанга келет

Кыргыз футболдук союзунун (КФС) президенти Медербек Сыдыковдун чакыруусу менен Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Джанни Инфантино Кыргызстанга келет.  Бул тууралуу союздун маалымат кызматы билдирет.


Белгилей кетсек, бул анын өлкөбүзгө биринчи сапары. 

 4-5-майга белгиленген сапарынын алкагында Джанни Инфантино Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен жолугушат. 


ФИФАнын жетекчисинин Кыргыз Республикасынын Президенти менен бирге Кыргыз футболдук союзунун жаңы административдик кеңсесинин ачылышына катышуусу пландалууда, анын курулушу «FIFA Forward» программасынын долбоорунун алкагында ишке ашырылган. 


 Жолугушуулардын жүрүшүндө ФИФАнын Кыргыз футболдук союзунун демилгелерин колдоо, атап айтканда, өлкөдөгү футбол инфраструктурасын жакшыртуу жана ата мекендик футболду өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн