Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 21:57
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

ФИФАнын жаңы рейтинги жарыяланды, Кыргызстан канчанчы орунда?

12.06.2020 10:46
1280
ФИФАнын жаңы рейтинги жарыяланды, Кыргызстан канчанчы орунда?

 

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы ФИФАнын жаңы рейтингинде 96-орунда калды. Бул тууралуу уюмдун жаңы тизмегинде жарыяланды.


Коронавирус пандемиясына байланыштуу көпчүлүк эл аралык мелдештер өтпөгөнүнө байланыштуу бардык курамалар эски ордуларында калган. Тизмени Белгия курамасы жетектеп келе жатат, экинчи сапта учурдагы дүйнө чемпиону Франция курамасы, үчүнчүдө Бразилия.


Кыргызстан курамасы менен Дүйнө жана Азия чемпиондугунун тандоо турунда бир тайпага түшкөн Япония - 28, Тажикстан - 121, Мьянма - 136 жана Монголия – 190-орунда жайгашкан.


11-июнга карата ФИФА рейтинги:


1 . Бельгия 

2. Франция 

3. Бразилия 

4. Англия 

5. Уругвай 

6 . Хорватия 

7. Португалия

8. Испания

9. Аргентина 

10. Колумбия

28. Япония

96. Кыргызстан

121. Таджикстан 

136. Мьянма 

190. Монголия 

 

Эске салсак ФИФАнын кийинки тизмеги 16-июлда чыгат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн