Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 22:18
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

ФИФАнын жаңыланган рейтингинде Кыргызстан өз позициясын сактап калды

20.07.2023 16:09
945
ФИФАнын жаңыланган рейтингинде Кыргызстан өз позициясын сактап калды


Бүгүн, 20-июлда ФИФАнын сайтында жарыяланган дүйнөлүк рейтингде Кыргызстандын улуттук курама командасы 97-орунда өзүнүн позициясын сактап калды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дүйнөлүк рейтингдеги алдыңкы үчтүктө мурдагыдай эле - Аргентина, Франция, Бразилия турат.

Ал эми Азия футбол конфедерациясынын рейтингинде ата мекендик команда 46 орундун ичинен 17-сапта жайгашкан. Рейтингиндеги алдыңкы 3 лидер - Жапония, Иран, Австралия.

Жакында эле "Акшумкалар" беттешкен Азия Кубогунун "F" тайпасындагы командалардын рейтинги:

- Сауд Арабиясы - 54-орун (0,0);
- Оман - 73-орун (0.00);
- Кыргызстан 97-орун (0.00);
- Таиланд - 113-орун (0,00).

Футбол боюнча Азия кубогу 2024-жылдын 12-январынан 10-февралына чейин Катарда өтөт. Турнирдин финалдык бөлүгүнө квалификациядан өткөн эң күчтүү Азиянын 24 командасы катышат. Алардын арасында Кыргызстандын курама командасы да бар.

Командалар бири-бири менен бир жолу ойношот, андан кийин плей-офф баскычында 16 команда чыгат. Биринчи жана экинчи орунду ээлегендер, ошондой эле үчүнчү орунду ээлегендердин ичинен эң жакшы жыйынтык көрсөткөн төрт команда тайпадан чыгат.

Кыргызстандын курама командасы тарыхта экинчи жолу турнирдин финалдык бөлүгүнө чыкты. Команда биринчи жолу 2019-жылдагы Азия Кубогуна катышып, 1/8 финалдык баскычка чыккан. Катар Азиянын учурдагы чемпиону.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн