Бугу 07, 2024
Убакыт: 22:29
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

FINIKO каржы пирамидасынын эки өкүлү адамдарды 46 миң долларга алдаган

FINIKO каржы пирамидасынын эки өкүлү адамдарды 46 миң долларга алдаган

Бишкекте каржы пирамидасы аркылуу алдамчылык менен алектенгенге шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.


Мекеменин маалыматы боюнча, 21-июлда шаар тургуну укук коргоочуларга арыз менен кайрылып, чала тааныштары Г. жана А`га карата чара колдонууну өтүнгөн.


Анда 2020-жылдан 2021-жылдын июль айына чейин арыз ээсинин каражатын "FINIKO" каржы пирамидасы аркылуу көбөйтүп беребиз деп ишенимге кирип, 46 миң долларын алганы айтылган. Кийинчерээк алар жүргөн жерин жашырып жүргөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 214-берене ("каржы пирамидасын уюштуруу") менен катталды.


"Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1985-жылы туулган Б.Г. жана 1985-жылы туулган В.А. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ленин райондук соту тарабынан шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, СИЗО-1ге эки айга камакка алуу чечими чыкты", - дешти маалымат кызматынан.


Мындан тышкары Ленин РИИБине 4 жарандан шектүүлөргө карата ушундай эле кылмыш үчүн жоопко тартуу боюнча арыз түшкөн. Учурда келтирилген чыгымдар такталууда.


Укук коргоочулар жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар жактарды аныктоо иштерин улантууда. Эгерде кимде-ким каржы пирамидасынан жабыркаган болсо кабар берүүнү милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш номерлери: 0 (312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0 (708) 834-925, 0 (708) 834-925, 0 (707) 775-557, 0 (501) 801-380 же 102.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн