“Манас” эл аралык аэропортунун IATA коду өзгөртүлөт.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 2025-жылдын 9-августунан тартып “Манас” эл аралык аэропорту өзүнүн үч тамгадан турган IATA кодун FRU кодунан жаңы BSZ кодуна расмий түрдө алмаштырат.
Бул чечим Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) коддорду өзгөртүү тартибин жөнгө салуучу 763-резолюциясынын жоболоруна ылайык кабыл алынган.
Кодду өзгөртүү чечими 2025-жылдын 9-майында IATA тарабынан жөнөтүлгөн расмий билдирүүдө белгиленгендей, 90 күндүк мөөнөт өткөндөн кийин күчүнө кирет.
IATA коду дүйнө жүзү боюнча аэропортторду өзүнчө идентификациялоо үчүн колдонулат. Коддун алмашуусу авиация тармагындагы бардык катышуучулардан техникалык жана уюштуруучулук даярдыктарды талап кылат.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жана “Манас” эл аралык аэропорту эл аралык өнөктөштөрү менен биргеликте жаңы BSZ кодун колдонууга өтүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканы белгилүү болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн