Бугу 19, 2024
Убакыт: 16:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Фактыларды бурмалоо менен партияга көлөкө түшүрүү аракети жүрүп жатат, - “Биримдик”

02.07.2020 14:47
1757
Фактыларды бурмалоо менен партияга көлөкө түшүрүү аракети жүрүп жатат, - “Биримдик”


Индира Садыкованын журналисттик материалында айтылгандар азыркы учурда “Биримдик” партиясынын саясий кеңешине дагы, анын ишмердүүлүгүнө дагы эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу аталган партиянын маалымат катчысы Адилет Султаналиев билдирди.


Ал белгилегендей, саясий партиянын башкы башкаруу органы болуп анын саясий кеңеши эсептелет.


Экинчиден, сатып алуулардын жол-жобосун мындай үстүртөн иликтөө жана ачыктан ачык фактыларды бурмалоо “Биримдик” партиясына көлөкө түшүрүү аракети катары бааланат. Бул жерде тендерлер, беткаптар жана саясий партия баары аралашып калган”, - деп белгиленет маалыматта.

 

Басма сөз катчысы билдиргендей, жалган маалыматтарды таркатуу аркылуу партиянын аброюна шек келтирүүнү көздөгөн чабуулдар байкалып жатат.


“Бүгүнкү COVID-19 менен күрөш жүрүп жаткан азыркы кырдаалда мындайды моралдык жагынан алганда түшүнүү кыйын. Биз ачык-айкындыкты колдойбуз жана өкмөт коомчулукка пандемияга каршы туруунун бардык  мезгилиндеги медициналык каражаттарды жана жабдууларды сатып алуунун өзгөчөлүгү тууралуу такталган маалыматтарды берет деп эсептейбиз”, - деп кошумчаланат билдирүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн