JIA бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору менен маек.
- Мамлекеттик салык кызматы сунуштаган түзөтүүлөр ишкер чөйрөгө кандай коркунучтарды алып келет?
- Негизи азыр пандемияга байланыштуу экономикадагы абал жакшы эмес, соода-сатык түшүп, бир топ тартыш мезгилде жашап жатабыз. Ушундай учурда күтүлбөгөн демилгелер көп болууда. Сиз айтып жаткан салык кызматынын банктык операцияларды көзөмөлдөө сунушу, ага чейинки экономикадагы өзгөчө кырдаал маселеси, участкалык милиция кызматкерлеринин бизнести текшерүү демилгеси – мунун баардыгы кокустан жана талкуусуз эле коомчулукка жайылууда. Биз ассоциациялар катары бул маселелерди массалык маалымат каражаттарынан окуп, угуп, “демилгелер ишкерлерге канчалык пайдалуу, канчалык зыян алып келет?” деп өрт өчүргүчтөр сыяктуу түштөн кийин реакция кылып жатабыз. Ишкерлердин банктардагы эсептерин салык кызматынын соттун чечимисиз эле алуу маселеси дагы бул чөйрөдө ишеничтин түшүп кетүүсүн жаратышы мүмкүн. Негизи “Салык кодекси талкууланып, ошонун ичинде ушундай түзөтүүлөр каралып жатат” деп айтылууда, бирок бул Салык кодекси азыркыга чейин коомдук талкууга чыга элек. Тактап айтканда, ишкерлердин эсеп ачкан-ачпаганы, каражаттарын кайсы жакка которуп жатканы, аларды кайсы кызматкер башкарат (?) деген сыяктуу бир канча маселелер каралып жатат.
- Түзөтүүлөрдүн мамлекетке келтирген залакасы кандай болот?
- Бизде негизи банктарды колдонуу маданияты жаңыдан калыптанып, коом көз карандысыздыкка жетип, банктарга болгон ишеним эми гана артып жаткан учур. Ошондуктан, ишкерлердин арасында ишенимдин түшүп кетишин күчөтөт. Мындан сырткары, банктардагы төлөө системасы өлкөдөгү санариптештирүү тутумуна да чоң залакасын тийгизет. Себеби, ишкерлердин көпчүлүгүн ошол эле мамлекеттен санариптик кызмат алууда же кызмат көрсөтүүдө сөзсүз түрдө банктан төлөм же операциялар коштойт. Азыркы ааламдашуу доорунда бул түзөтүүлөр мамлекетке да зыян келтирип, өлкө катары артка кетишибизге себеп болуп калышы мүмкүн. Мындан тышкары, биздин мамлекетте көмүскө экономика өтө чоң, ушуга окшогон сунуштар муну дагы көбөйтүп коёт (!) деген кооптонуулар бар. Анткени бул демилгелер салыктарды ачык төлөп иштеп жаткан ишерлерге багытталып жаткандай. Тактап айтканда, сүт берип жаткан уйдан “дагы көбүрөөк сүт алалы” деген аракет катары баалайм. Ошол эле учурда эч кандай салык төлөбөгөн, эч жерде каттоодо турбаган ишкерлерди көмүскөдөн чыгарууга багытталган демилгелерди көрбөй жатабыз. Банктардын бирикмеси, экономисттер, ишкерлер, ассоциациялар бул түзөтүүлөргө терс баасын берип жатышат. Демилге ансыз да кыйналып турган экономикага кедергисин тийгизип, ишкерлердин товар айлантууларынын кыскарып, соодасынын түшүп кетишине жол ачат. Банктардын кызматын чет өлкөлүк инвесторлор дагы колдонгондуктан, бул инвестициялык климатка да залакасын тийгизет. Бул демилге коомчулукка чыкканы экономика министрлиги пикирин айтты, бирок, негизги мекеме катары ушул кезге чейин Улуттук банк өзүнүн так позициясын билдирбей жатат. Мындай көрүнүш ишкерлерди чочутууда.
- Бизнеске байланышкан сунуштар, өзгөртүүлөр кандай процесс менен кабыл алынышы керек?
- Буга чейин мамлекет менен бизнестин ортосунда диалог жакшы болчу. Сөзсүз түрдө демилге иштелип чыгып жатканда алдын ала бир үстөлгө отуруп, ишкерлер, эксперттик коом, тийешелүү мамлекеттик органдар чогуу иштөө боюнча сунуштар айтылып, өлкүнүн социалдык-экономикалык абалын эске алуу менен кандай шарт түзөбүз (?) деген талкуулар уюштурулуп келген. Азыр ушундай талкуулар көп болбой жатат. Кайсы бир мамлекеттик кызмат тарабынан даярдалып чыккан документтер күтүүсүздөн кабыл алынып кетүүдө же даярдалып чыккандан кийин “колдоп берип койгула” деген сунуштар айтылууда. Бизнес менен мамлекет биргелешип, тыгыз иш алып баруусу – өлкөнүн экономикасын бутунан тургузууга чоң жардам берет да.
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн