Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Фарид Ниязов Кой-Таштагы окуя боюнча УКМКнын жетекчисин айыптады

11.03.2020 15:35
902
Фарид Ниязов Кой-Таштагы окуя боюнча УКМКнын жетекчисин айыптады


Кой-Ташта 7-8-августта болгон массалык башаламандыкка жана спецназдын өлүмүнө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) жетекчиси Орозбек Опумбаев күнөөлүү деп аталышы мүмкүн. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов акыркы кайрылуусунда билдирди.


Анын айтымында, Кой-Таштагы окуя боюнча сот эртеби-кечпи акыйкаттуу кадамдарга барып, ким күнөөлүү экенин далилдейт.


“Мага маалым болгондой, УКМКнын жетекчиси моралдык жактан айыпталуучулардын катарында отурууга даярданууда”, - деп жазылат кайрылууда.


Опумбаев Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча ойлонулбаган операцияны уюштуруп “Альфаны” уят кылды. Опумбаевдин буйругу менен “Альфанын” кызматкерлери ийгиликсиз операциядан кийин Атамбаевдин үйүн дүйнөлүк практикадагыдай таштап кеткен эмес. Жакынкы айылдардан кыжырданган чоң агымдагы элдин келе жатканын билип туруп кооптуу жерде кызматкерлерди калтырган”, - дейт билдирүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн