Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 11:28
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Фарид Ниязов абактан бошотулган жок

02.02.2022 15:59
688
Фарид Ниязов абактан бошотулган жок

Бишкек шаардык сотунда Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-февралда Бишкек шаардык сотунда "Октябрь окуяларында баш аламандык уюштурган" деп айыпталып абакта отурган саясатчылар, Фарид Ниязов, Курсан Асанов жана Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасы каралган. Отурумдун соңунда сот Фарид Ниязовду абакта калтыруу чечимин чыгарган.

Ал эми Курсан Асанов жана Жеңиш Молдокматовду үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.


Жеңиш Молдокматов сот залынан бошотулса, Асанов ага карата козголгон башка иштер боюнча абакта калган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн