Бугу 03, 2024
Убакыт: 10:27
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Фарид Ниязов оор дартка чалдыкканы аныкталды

26.03.2021 18:25
2223
Фарид Ниязов оор дартка чалдыкканы аныкталды

Алмазбек Атамбаевдин тушунда президенттин администрациясын башкарган Фарид Ниязов оор дартка чалдыкканы аныкталды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.


Анын айтымында, бул оору тергөө абагында шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды кармоого тоскоол болгон олуттуу оорулардын катарына киргизилген.


Ал кошумчалагандай, диагноз ушул жылдын 3-мартында М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун дарыгерлер кеңеши тарабынан коюлган. Кеңеш жети дарыгерден турган.


"1,5 жылдан ашык СИЗОдо отурганда Фарид Ниязов ден-соолугуна эч качан нааразы болгон эмес. Бирок бул аны камакта кармоо керек дегенди билдирбейт. Бүгүн мен Башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылдым, анткени дал ушул адам мыйзамдуулуктун башкы көзөмөлдөөчүсү катары Фарид Ниязовго карата баш коргоо чарасын өзгөртүү жол-жобосун козгой алат. Курманкул Токторалиевич анын бардык чараларын көрөт деп ишенем", - деп жазган ал.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Арси.
Эч нерсе болбойт! Ал жакта болбогон нерсе менен олбой-житпей эле нечен жылдап жатышат. Анан буга окшогондордун эле жаны башкача болуп кетет бекен.