Бугу 05, 2024
Убакыт: 03:27
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Фарид Ниязовдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча сот отуруму өтпөй калды

25.12.2020 11:45
690
Фарид Ниязовдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча сот отуруму өтпөй калды

Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун бөгөт чарасын кароо боюнча бүгүн, 25-декабрга белгиленген отурумду башка күнгө которду. Бул тууралуу Ниязовдун адвокаты Замир Жоошев билдирип, аны тергөө абагынан сотко алып келишпегендиктен улам отурум 28-декабрга которулганын айтты.


Жактоочулар шаардык сотко райондук соттун чечимин жокко чыгарып, Ниязовду үй камагына бошотууну өтүнүп кайрылышкан.


Эске салсак, быйыл 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы башаламандык үчүн шектүү катары кармалган Ниязовду Биринчи Май райондук соту тергөө абагына камап, мындай бөгөт чарасынын мөөнөтүн 10-февралга чейин узарткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн