Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 06:08
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Феликс Кулов: БШКнын "Кыргызстан" партиясын каттоодон баш тартуу чечими мыйзамсыз

26.08.2020 10:10
965
Феликс Кулов: БШКнын "Кыргызстан" партиясын каттоодон баш тартуу чечими мыйзамсыз


Экс-премьер-министр Феликс Кулов БШКнын "Кыргызстан" партиясын каттоодон баш тартуу жөнүндөгү чечимин мыйзамсыз деп эсептейт. Бул тууралуу пикирин Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди. 


Анын пикиринде, БШКнын мындай чечими жокко чыгарылышы керек. 


"Мен "Кыргызстан" партиясын коргоо идеясынан алысмын. Конституцияда биздин укуктук мамлекет экенибизди белгилегендиктен БШКнын чечими мыйзамга негизделиши керек болчу. Документте каттоодон баш тартуунун жети конкреттүү себептери так көрсөтүлгөн, алардын бири да документтерди ыйгарым укуктуу өкүл бергендиги менен байланыштуу эмес. Шайлоо жөнүндө Мыйзамдын 61-беренесинде документтер БШКга ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан берилиши керек деп айтылат, бирок эгерде ал башка адам жасаган болсо, анда документ бул жагдай каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналбайт. Бул мыйзам бузуу, бирок партияны каттоодон баш тартууга болбойт", - деп жазган Ф.Кулов. 


Кечээ, 25-августта Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” партиясына документтерин кайтарып берүү тууралуу чечимин кабыл алган. БШКнын өкүлү документти партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү алып келиши керектигин, бирок башка адам алып келген деген жүйөө келтиришкен. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн