Учтун айы 18, 2025
Убакыт: 05:37
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.845
0.880

Феликс Кулов: “Садыр Жапаров кызматын тапшырса, президенттин м.а. ыйгарым укуктары кайра спикерге кайтып келиши керек”

31.10.2020 16:44
549
Феликс Кулов: “Садыр Жапаров кызматын тапшырса, президенттин м.а. ыйгарым укуктары кайра спикерге кайтып келиши керек”


“Конституцияга ылайык, учурдагы президент кызматтан кетсе, анда анын ыйгарым укуктары спикерге өтөт, кандайдыр бир себептерден улам аны аткаруу мүмкүн болбосо, анда ыйгарым укуктар премьер-министрге же премьер-министрдин милдетин аткаруучуга өткөрүлүп берилет”, – деп билдирди Феликс Кулов бүгүн, 31-октябрда өткөн тегерек столдо.

“Садыр Жапаров шайлоого барса, анда ким президенттин милдетин аткарат деген суроо туулат. Айрымдар биринчи вице-премьер-министр болот деп жатышат, бирок биз Баш мыйзамга негизделишибиз керек, анда мындай кырдаал (премьер-министр жок) каралган эмес”, – деди Кулов.

Анын айтымында, президенттин милдетин аткаруучу болуп биринчи вице-премьер-министр дайындалса, туура эмес болот.

“Ошондуктан, ыйгарым укуктар парламенттин төрагасына кайра өткөрүлүп берилиши керек. Эгерде күтүлбөгөн жерден спикер Канат Исаев президенттик шайлоого барууну кааласа, ал кызматынан кетип, парламент жаңы спикерди шайлайт”, – деди Кулов.

Ошондой эле ал Новиков эмне үчүн президенттин милдетин аткара албай тургандыгын түшүндүрдү.

“Конституцияга ылайык, 35 жаштан 70 жашка чейинки адам президент боло алат, ал эми Новиков 34 жашта. Ошондой эле кыргыз тилин билүү маселеси бар, бул жерде дагы көйгөй жаралууда”, – деди Кулов.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн