Бугу 20, 2024
Убакыт: 01:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Фергана - өрт каптаган өрөөн. Борбор Азия менен Ыраакы Чыгыштагы окшоштуктар

27.05.2021 16:42
1633
Фергана - өрт каптаган өрөөн. Борбор Азия менен Ыраакы Чыгыштагы окшоштуктар


Баткен согушу аяктап же, аяктагансып, борбор болсо, саясий баткактан чыгалбай, ал ортодо унутулган Баткен кымкуут тагдыры менен жалгыз калды. Согуштун илеби суудубу? Баам салган кишиге Фергана өрөөнү быкшып, Кыргыз менен Тажик согушу от алайын деп турат. Тажикстан менен чектешкен бүт аймактарыбыз тикен үстүндө калды. Бул тагдырды албетте, өзүбүз тандап алган жокпуз. Бүгүнкү шарттар, региондогу жакырчылык, коңшулар арасындагы чек ара чыры сыяктуу факторлор регионду күн сайын жаңжалга түртүп жатат. Ошондон болсо керек дүйнө кожоюндарынын көзүн кызартып, шилекейин агызган аймакка айландык. Андыктан, коркунуч да, ошончолук муунтууда.


Дүйнөлүк державалардын көзгө басаар 4 бизнеси бар. Алар курал жарактарын сатуу үчүн согуш чыгарышат. Конфликт болгон аймактарга дары дармек жана адам органын пулдашат. Мисалы: Адамдын бир бөйрөгү Сирия, Ирак сыяктуу аймактарда 30 миңден 80 миң долларга көтөрүлдү. Эң эле гумандуу көрүнгөнү өздөрү талкалаган аймактарды кайра куруу пропагандасы. Курулуш кампанияларына иш, каражат, арзан адам ресурстарын сунуу. 


Мен  Фергана маселесин 2 өңүттө карайм. Албетте, державалардын дүрбүсүндө көрүнгөн Баткен мындан ары дайыма түтөй берет. Эл аралык саясат же, Чыгыш өлкөлөрүндөгү бир тилди сүйлөп, бир динди тутунган, кандаш өлкөлөрдүн абалы белгилүү. Өткөн кылымда баштаган нефтибарондордун жаңжалы Арап аймагын толук талкалап, миллиондон ашык адамдын мүрзөсүн пайда кылды. Жыйынтыгында, Ыраакы Чыгыштын нефтиси ташылып, эзели бирикпес коом жаратылды. Европалыктардын "бөл, бырчала, жут" - саясаты үзүрүн берди. 1915 - жылдарда Осмон Империясы талкаланды.  1920 - жылдардан баштап, жасалма арап лидерлерлеринин өз ара жаңжалы, 1935 - жылдан баштап, Палестина аймагына Еврей улутун Европадан көчүрүү, 1945 те Израилди куруу, 1960 - 80-жылдары арасында Сириядагы Хафыз Есаддын кордугу, 1985 те Мусулман бир туугандар партиясынын курулушу, анын артынан эле Түркия - Сирия чегинде Күрт козголоңчуларынын түзүлүшү жана террордук актылары. 1990 - жылдан бери Кувейт, Иран Ирак согушу, Түркиядагы төңкөрүштөр жана жарандык кагылышуулар уланып, 2010 - жылы Ыраакы Чыгыштын айыккыс жарасын тырмагын дагы бир оору пайда болду бул - ИГИЛ. Бул тарых түрмөгүнөн алынган 20 - жүз жылдагы акыйкат. Державалардын 1 кылымдан берки саясаты. Окшоштуктар оголе көп. 


Ушул тарыхый окуялар сабак болбосо,  Борбор Азия өлкөлөрү ансыз да жок эгемендүүлүгүнөн биротоло кол жууйт. Фергана өрөөнү державалардын күч сынашкан полигонуна айланып баратканда жылаңач отурган биздей элдер  'шүк" гана отуруп берет. Өткөнкү Баткен жаңжалы муну ырастады. "Айтаарга арманым көп, угаарга адамым жок" дегендей, Түрк Кеңеши да, ОДКБ да, көз жашыбызды аарчыбайт. Буга бир нече факторлор бар. Албетте, мамлекеттик тирешүүлөрдө дипломатиялык аракеттер зарыл деңизчи. Бирок, куралданган аскери артында турган күчтүү мамлекеттер үчүн дипломатия дегениң керексиз аракет! Күчүң болсо, талкалайсың. Сага кайсы дүйнө коомчулугу "кыңк" демек эле.


(Уландысы бар)


Манас Осмон, журналист 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн