Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 12:41
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Фергана облусу Баткенге 6 млн сомдук медициналык шаймандардан жардам көрсөттү

07.07.2020 12:43
1201
Фергана облусу Баткенге 6 млн сомдук медициналык шаймандардан жардам көрсөттү


Өзбекстандын Фергана облусу Баткен облусуна жалпы баасы 6 млн 300 миң сомду түзгөн медициналык шаймандарды жиберди. Анын ичинде коргонуучу каражаттар, ооруну аныктоочу лабороториялык шаймандар бар.


Республикалык штабдан маалымдашкандай, бул иш-чара Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин сүйлөшүүлөрүнүн негизинде жүргүзүлдү. 


Баткен облусунун жетекчилиги, кошуна Өзбекстандын президентине жана Фергана облусунун жетекчилигине, жалпы өзбек элине оор кырдаалда көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Эске салсак, буга чейин эки облус башчылары коронавирус илдети менен күрөшүүдө зарыл болгон коргонуучу каражаттары, азык түлүк продукциялары боюнча эки тараптуу бир катар жардамдарды берип келишкен.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн