Бугу 16, 2024
Убакыт: 16:21
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Ферганада кыргыз-өзбек парламенттер аралык комиссиянын жыйыны өтөт (фото)

13.06.2020 09:00
999
Ферганада кыргыз-өзбек парламенттер аралык комиссиянын жыйыны өтөт (фото)


Ѳзбекстан тараптын чакыруусу менен үстүбүздѳгү жылдын 12-июнунда Фергана шаарында Жогорку Кеңештин жана Ѳзбекстандын Олий Мажлисинин ортосундагы парламенттер аралык кызматташуу боюнча комиссиясынын кезектеги III жыйынын ѳткѳрүү мерчемделүүдө.


Белгилей кетсек, Жогорку Кеңешинин тѳрагасынын орун басары Мирлан Бакиров аталган парламенттер аралык комиссиянын тең тѳрагасы болуп саналат.


Буга байланыштуу кечээ, 12-июнда Мирлан Бакировдун жетекчилиги астында Кыргызстандын министрликтеринин жана ведомстволорунун, ошондой эле Ѳкмѳткѳ караштуу мамлекеттик агентстволордун жана кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу жыйын өттү. Иш-чарага Өкмөттүн Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү да баам салып, жыйынга видео-конференция аркылуу байланышка чыгышты.


Талкууда 22-июнда Фергана шаарында ѳтѳ турган парламенттер аралык комиссиянын III жыйынында карала турган маселелер тууралуу сөз болуп, тиешелүү маалыматтар такталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн