Бугу 08, 2024
Убакыт: 02:49
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Хабибдин ордуна Фергюсон менен Жастин Гэтжи беттешет

06.04.2020 14:16
741
Хабибдин ордуна Фергюсон менен Жастин Гэтжи беттешет


UFC 249 турниринин алкагында Тони Фергюсон менен Жастин Гэтжи беттешет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Америкалык мушкер Жастин Гэтжи UFCнин жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун ордуна беттешке чыгат. Бирок ал азырынча уюм менен 18-апрелде боло турган мелдешине келишим түзө элек экени айтылат.


Эске салсак, Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун беттеши UFC 249 турниринде алкагында болмок.


Жастин Гэтжи профессионалдык рингде 23 беттеш өткөрүп, анын 21инде жеңишке жеткен. 31 жаштагы мушкер соңку үч беттешинде катары менен 1-раундда жеңишке жеткен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн