Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 12:43
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Фетхуллах Гүлен Чубак ажы Жалиловдун жакындарына жана кыргыз элине көңүл айтты

13.07.2020 16:41
2229
Фетхуллах Гүлен Чубак ажы Жалиловдун жакындарына жана кыргыз элине көңүл айтты


АКШда күн кечирип жаткан белгилүү түрк аалымы, дүйнөдөгү таасирдүү лидерлердин бири Фетуллах Гулен Чубак ажы Жалиловдун жакындарына жана кыргыз элине көңүл айтты. Аалымдын пикирин өзгөртүүсүз сунуш кылабыз.


- Кайгы менен касирет үстөккө-босток жаап турган ушундай оор күндөрдө; адилеттикти, актыкты абазы жеткиче жар салып, илимине жараша амал кылган, сүннөттүн жолун үтүр-чекитине чейин карманып, асманда  жанган чолпон жылдыз сыңар ак жолго чакырган чакырыктары менен адамзатты руханий жашоонун туу чокуларына  жеткирген уламага мурда-кийин боло келгенден да артыгырак муктаж болуп турган учурда;  ушул айтылган сыпаттарды толугу менен камтыган уламанын мыктысы, көздүн карегинен баалуусу, ардактуу досубуз  жана  бир тууганыбыз, Кыргызстандын мурунку муфтиси жана аалымдар кеңешинин чыгаан мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун жан таслим болушун өтө кайгыруу менен угуп отурам.


Маркумдун «жолуна жаным курман» делген Пайгамбарыбызга (с.а.в.) кошуна болушун, Алла Тааланын улуу Фирдауска алуусун жана мээрими менен мамиле кылуусун тилейм.


Бала-бакырасы баш болуп, жанында шакирт болуу сыймыгына  жеткен досторун,  бир туугандарын жана  жакындарын, айрыкча бардык Кыргыз мамлекетине  жана  анын тургундарына  көңүл айтып,  амандык каалайм.


Фетхуллах Гүлен

11-июль 2020.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн