Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 20:46
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Февраль ичи абанын температурасы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу

01.02.2024 09:24
645
Февраль ичи абанын температурасы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу


Февраль ичи абанын айлык орточо температурасы Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында климаттык нормадан 1…1,5 градуска жогору болушу ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттигинин божомолунда айтылат.


Ага ылайык, бул айда жаан-чачындын айлык көлөмү Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында нормага жакын, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында климаттык нормадан ашык болору күтүлүүдө.


Чүй, Талас облустарында бул ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10 градустан -2 …+3 градуска чейин болору айтылды. Айрым түндөрү сууктун күчү -16 градуска чейин жетет. Ошондой эле жаан-чачындын айлык көлөмү айрым жерлерде нормадан төмөн болушу күтүлөт.


Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз -2 … +3, 8…13 градус жылуу болуп, түнкүсүн 0…-5, 1…6 градус, кээ бир түндөрү абанын температурасы -6…-11 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.


Ысык-Көл өрөөнүндө февраль ичи абанын температурасы түнкүсүн -4…-9 градустан -3 … 2 градуска чейин өзгөрүлүп турса, кээ бир түндөрү сууктун күчү -9…-14 градуска жетет. Күндүз абанын температурасы 0…5, 6…11 градуска чейин өзгөрүлүп турат.


Нарында кээ бир түндөрү суук -23 градуска чейин жетет. Ал эми күндүз абанын температурасы -3…-8, 1…6 градуска чейин өзгөрүлүп турмакчы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн