Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:47
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Фейктер тууралуу мыйзам. Гульшат Асылбаева сунуштаган мыйзам долбоору ЖКда колдоо тапкан жок

30.06.2021 17:05
884
Фейктер тууралуу мыйзам. Гульшат Асылбаева сунуштаган мыйзам долбоору ЖКда колдоо тапкан жок


Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Жалган жана такталбаган маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам долбоору  парламенттеги депутаттардын добушуна биринчи окууда коюлду.


Катуу талкуудан кийин Жогорку Кеңештин депутаттары аталган мыйзам долбооруна добуш берди. 

Депутаттардын 59у "макул" деп добуш берсе, 38 депутат "каршы" добуш берген. Жалпы 97 депутат катталган. Долбоордун өтүшү үчүн ага депутаттардын жарымынан көбү, башкача айтканда, 60тан ашыгы добуш бериши керек.


Эскерте кетсек, аталган мыйзам долбоору Гульшат Асылбаева тарабынан сунушталган. Бул мыйзам долбоору коомчулуктун нааразылыгын жараткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн