Бугу 04, 2024
Убакыт: 09:38
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Фейсбук 20 жылда дүйнөнү кантип өзгөрттү?

18.02.2024 15:02
237
Фейсбук 20 жылда дүйнөнү кантип өзгөрттү?


Фейсбук февралда 20 жашка толду. Ага айына жок эле дегенде бир жолудан үч миллиард киши баш багат. Бул планетадагы ар бир үчүнчү адам дегенди билдирет. Алгач студенттердин баарлашуусу үчүн ачылган сайт дүйнөдөгү окуяларга таасирин тийгизген порталга кантип айланды?

Жакында эле АКШ сенаторлору бир катар социалдык сайттарды, анын ичинде Фейсбукту балдардын коопсуздугун сактабай жатканы үчүн сынга алып, чара көрүүгө чакырышты. Жасалма интеллекттин өнүгүшү менен бул социалдык түйүн дагы кооптуу болушу мүмкүн деген чочулоолор канчалык негиздүү?

Ушул жана башка суроолорго "Азаттыктын" "Эркиндик үнү" подкастынан биле аласыздар.

2003-жылдын ноябрь айында Гарварддын студенти Марк Цукерберг зеригип отуруп, facemash.com сайтын негиздеген. Анда университеттин эки студентинин сүрөтүнүн ичинен мыктысын тандоо функциясы бар эле. Ал сүрөттөрдү Цукерберг окуу жайдын базасын бузуп алган. Бир нече күндөн кийин FaceMash сайтына нааразылар көбөйгөндүктөн, ал сайттын ишин токтотууга аргасыз болгон.

2004-жылдын январь айында Цукерберг Гарварддын студенттеринин арасында байланышты түзгөн сайттын кодун жаза баштайт. Келечектеги миллиардер курсташы Эдуардо Саверин менен келишим түзүп, ар бири долбоорго бир миң доллардан салган. The Facebook сайты ошол эле жылдын 4-февралында ишке кирген.

Бир нече сааттын ичинде ага миңден ашуун Гарварддын студенти катталган. Кийинки айда ага Стэнфорд, Колумбия жана Йель жана башка абройлуу университеттин студенттери кошулган.

Бир жылдан кийин аталышынан the деген артикль алынып, facebook.com сайтынын аудиториясы алты миллион кишиге жеткен.

2006-жылдан баштап 13 жаштан жогору ар бир адамга катталууга мүмкүнчүлүк ачылган. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бул социалдык түйүнгө 2010-жылы катталганын айтып берди.

"Башында өтө активдүү болбой, журналисттик ишмердүүлүгүмө байланыштуу постторду бөлүшүп турчумун. 2010-жылдагы ыңкылап, андан кийинки июнь окуяларынан кийин активдүү боло баштадым. Ал кезде Фейсбуктагы атмосфера башкача эле, негизинен орус тилдүүлөр отурчу. Азыр эми көп нерсе өзгөрдү. Фейсбуктун кыргыз сегментинде орусча жазгандар өтө аз. Ал кезде Кыргызстанда бул социалдык түйүндү саналуу эле адамдар колдончу. Мисалы, Мирсулжан Намазалиев, Нурайка Рыскулова дегендей. Аларга абдан суктанат элек. Биз ошол бир ууч адамдан интервью алып, теле-радиого чакырат элек. Азыр эми ар бир экинчи киши Фейсбукта активдүү колдонуучу да", - дейт парламентарий.

Фейсбукка чейин деле MySpace сыяктуу социалдык түйүндөр бар болчу, бирок Марк Цукербергдин сайты чыгары менен эле популярдуу болуп кетти. Учурда Эстонияда жашаган IT адиси Асел Кутманбекова дагы Кыргызстанда бул социалдык түйүнгө алгачкылардан болуп катталгандардын бири. Ал бул сайтка 2009-жылдын декабрь айында кошулганын айтат.

“Алгач пайда болгондо байланыш үчүн күчтүү инструмент болчу. Андан мурун да түрдүү мессенжерлер бар эле, Yahoo же Msn сыяктуу. Бирок, Фейсбукта алардан айырмаланып профиль жаратканга, досторду кошконго, жашооңдогу, өлкөңдөгү жаңылыктарды бөлүшкөнгө, башка бирөөлөрдүн жаңылыктарын окуп турууга мүмкүнчүлүк бар болчу. Ал ушул өзгөчөлүктөрү менен башкалардан айырмаланган. Мен Фейсбукту жаңы колдоно баштаган кезде ал жакта чет өлкөдө окуган, иштеген ийгиликтүү кыргыз жаштары көп болчу. Алардан байкап-байкабай жакшы таасирлерди алдым окшойт. Азыркы Инстаграм тили менен айтканда алар мен үчүн “инфлюенсер” болчу. Алар өздөрүнүн жүрүм- туруму менен мени билим алууга, өзүмдү өнүктүрүүгө, тил үйрөнүүгө, көз карашымды кеңейтүүгө үндөдү десем болот. Аларга кызыктырган суроолорду түз эле узатып, жооп алчумун. Балким, кийин Түркияда магистратура окуп, ошол жакта иштеп калышыма да алардын салымы чоң болгон. Андан тышкары, Бишкекте окуп жүргөндө Фейсбуктагы бир жарыядан улам кошумча иш да таап алгам".

2012-жылдын апрель айында Фейсбук компаниясы Инстаграм социалдык түйүнүн бир миллиард долларга сатып алган. Ошол эле жылы Фейсбук бир миллиард активдүү колдонуучусу бар экенин жарыялады. 2014-жылы компания WhatsApp мессенжерин 19 миллиард долларга сатып алганы кабарланды.

"Фейсбуктун дүйнөлүк саясатка тийгизген таасири"

Фейсбуктун потенциалын саясатчылар дароо түшүнүштү. 2008-жылдагы президенттик шайлоо маалында ошол кездеги талапкерлер Барак Обама менен Жон Маккейнди колдогон миңдеген топтор пайда болду.

"Ошол эле Барак Обама президенттикке аттанганда шайлоо өнөктүгү үчүн фондуна Фейсбук аркылуу акча чогулта алды. Ошонусу баарыбызга жукту. Ошол эле акчасы жок талапкерлер Фейсбук аркылуу өзүлөрүнүн программаларын жарыялап, ошол жакка сүрөт, видеосун чыгарып турушту. КТРК же башка телеканалдар шайлоо өнөктүгү үчүн миллиондогон акча талап кылышат. Кыргызстандын саясатындагы Фейсбуктун ролу абдан чоң", - дейт Жанар Акаев.

Учурда Жанар Акаевдин Фейсбуктагы баракчасына 57 миң киши катталган. Ал эми катталуучулардын көптүгү боюнча кыргыз саясатчыларынын ичинен президент Садыр Жапаров биринчи орунда. Анын жүз миңге чукул катталуучусу бар. Жапаров өзү да айрым билдирүүлөрүн Фейсбук аркылуу жарыялап турат.

"Фейсбук саясатта жаман-жакшы курал катары колдонулуп келе жатат. Ал жакта саясий талкуулар жүрөт, маалыматтар таратылат, өзгөчө шайлоо өнөктүгү маалында активдүү колдонулат. Мунун жакшы жагы: балким, каражат жагынан аксаган жаңы, күчтүү саясатчылардын маалымат таратуусунда оңой курал болсо, кээде жалган маалыматтардын жардамы менен шайлоочулардын тандоосун манипуляция кылуу да оңой, тилекке каршы",-дейт Асел Кутманбекова.

2016-жылы АКШнын атайын кызматтары Фейсбукта Орусия жалган маалыматтарды таркатуу менен Америкадагы президенттик шайлоонун жүрүшүнө аралашууга аракет кылганын айтып чыгышкан. Фейсбукта алешемдиктер болгонун Марк Цукерберг өзү да мойнуна алган.

Бул чуудан кийин 2018-жылы Фейсбук компаниясы Орусиядагы жалган маалыматтарды таркатуу менен алектенген «троллдор фабрикасына» байланышы бар делген 250дөн ашык баракчаны жапкан. Ал баракчалар көбүнчө орус тилинде маалымат таратканы, алардын Кыргызстанда кеминде 35 миң окурманы бар экени белгилүү болгон.

2010-жылдын башында Фейсбук “араб жазы” учурунда демонстранттар колдонгон башкы куралдардын бири болду. Дал ушул социалдык түйүндүн жардамы менен алар маалымат алмашып, аракеттерин координациялоого мүмкүнчүлүк болгон.

Кыргызстандагы дагы саясатчылар, саясий партиялар шайлоо өнөктүктөрү маалында Фейсбукту кеңири колдонушат.

"Шайлоо маалында бир жолугушууга 200 адам келсе, ошол жерден тартылган, видео-сүрөттөрүбүздү Фейсбукка жарыяласак, жүз миңдеген адамдарга жетет. Ошондуктан биз теле, радиолорго мурдагыдай акча кетирбей, социалдык түйүндөргө анча көп эмес эле каражат коротуп, көп адамдарга жетсе болорун түшүндүк",- дейт Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев.

Ал ошондой эле бул социалдык түйүндүн саясатчыларга тийгизген терс жагын да белгилей кетти:

"Ошол эле 2020-жылкы шайлоодо акчасы көп алдыңкы эки партия атайын адистерди жалдап, Фейсбук аркылуу атаандаштарын каралап, "алар жаман" деп, элди ынандыруу үчүн атайын акча алып иштеген компаниялар бар экен. Ошол жагынан алганда Фейсбуктун саясатчыларга бир эле пайдасы эмес, зыяны тийген учурлар дагы көп болот. Фейсбукта шайлоолордо бүтүндөй армия иштеди да. Азыр деле "мен жөнүндө жакшы пикир жаратасың", же болбосо "мен тууралуу жакшы жазып, оң жагымды жазасың" деп, атайын киши ээрчитип жүргөндөр да бар".

Учурда Фейсбук курамына кирген Meta компаниясы жарнамадан киреше тапкан ири гиганттардын катарына кирет. Быйыл жыл башында жарыялаган отчетунда, 2023-жылдын соңку чейрегинде эле 40 миллиард доллар пайда тапканын Meta өзү билдирди.

Ошол эле учурда Meta компаниясы колдонуучулардын жеке маалыматтарын башкаларга бөлүшкөнү үчүн бир нече ирет айып пулга жыгылган.

2014-жылы жеке маалыматтардын чыгып кетишинен улам Cambridge Analytica компаниясынын айланасындагы чууга кириптер болгон. Анын натыйжасында Фейсбук сотто ишин жайгаруу үчүн 725 миллион доллар короткон.

Ал эми 2022-жылы Фейсбук Евробиримдикке сайттагы жеке маалыматтарды колдонууга уруксат бергени үчүн 265 миллион евро айып пул төлөдү.

Дипфейк жана жасалма интеллект

2024-жылы дүйнө калкынын жарымынан көбү жашаган мамлекеттерде шайлоо өтөрү күтүлүүдө. Индия, Индонезия, Пакистан, Орусия, Евробиримдикте жана Кошмо Штаттарда президенттик жана парламенттик шайлоолор белгиленген.

Айрым адистер социалдык тармактарда, анын ичинде Фейсбукта дипфейктер же болбосо жасалма интеллектин жардамы менен жасалган аудио жана видеолор жайнайт деп кооптонушат. Бул пикирге Асел Кутманалиева да кошулат.

"Фейсбук же башка социалдык тармактар сөзсүз түрдө алдын алуу иш чараларын жүргүзбөсө, кооптуу тармакка айланат. Мүнөт сайын өнүгүп жаткан заманда кээде бир видеону адам же жасалма интеллект жасаганын айырмалай албай калып жатабыз. Жеке мен жасалма интеллект - бул катастрофа деп ойлобойм. Дипфейктердин кайырмагына илинбеш үчүн өзүбүзгө сак болуп, киберкоопсуздук тууралуу окуп - билип турушубуз керек деп ойлойм. Негизи Фейсбук сыяктуу чоң платформалардын аркасында fraud prevention - кыргызча айтканда “Шылуундукту алдын алуу” деп аталган, күчтүү адистерден түзүлгөн командалар иштешет. Алардын аналитиктери алдын ала бул нерселерди алдын алуу үчүн иштеп жатат деп ишенем".

Депутат Жанар Акаев муну бир гана жарандардын медиа сабаттуулугун күчөтүү менен гана алдын алса болорун айтат.

"Бул нерсе менен бүт дүйнө күрөшүп жатат да. Алы жетпей калган учурлар да болууда. Биздин бийлик жарандарыбызды калп маалыматка ишенбөөгө, анын чын-бышыгын текшергенге, алардын билимин, медиасабаттуулугун өркүндөтүш керек. Бизде болсо, тилекке каршы, ушундай маалыматтар күчөгөнүн шылтоо кылып, социалдык тармактарды, анын ичинде Фейсбукту чектегенге, окурмандары көп колдонуучуларды маалымат каражатына теңеп, жоопкерчилигин күчөтүп, текшерип, көзөмөлдөп, каттоого алыш керек деген саясатка өтүп жатышат. Кошуна мамлекеттерден көрүп Кыргызстанда дагы бийлик көзөмөлдөгүсү келет. Анын ордуна биз калп маалымат менен чын маалыматты кантип айырмалай билиш керектигин түшүндүрүшүбүз керек. Бир гана ошол жолу бар. Мындан ары технология, жасалма интеллект өнүгө берет. Артка жол жок. Ошондуктан элге түшүндүрүү менен гана алдын алса болот".

Социалдык тармактар элдин жана активдүү адамдардын коомдук - саясий окуялар тууралуу пикирин билдирип туруусуна жол ачты. Ошол эле кезде Кыргызстанда Фейсбуктагы пикири үчүн кармалган жана соттолгон активисттер да болууда.

Президент Садыр Жапаров жаңы жыл түнү куттуктоосунда соңку 30 жылдык тарыхта жалаң саясий окуяларга басым жасап жүрүп, эл мектеп жашындагыларга чейин тегиз саясатташып кеткенин, коомдо кандай маселе жалпы талкууга түшпөсүн, ага түшүнүп-түшүнбөй эле, билип-билбей эле ызы-чуу салган жарандар катмары пайда болгонун белгилеген.

“Тилекке каршы, бул көрүнүш сөз эркиндиги менен алмашып калды. Ал аз келгенсип, аны модага айландырып, "блогермин" деп, биздин калкыбыздын менталитетине туура келбеген пикирин таңуулагандар бар”, - деп билдирген президент.

Адам укугу багытындагы эл аралык уюмдар расмий Бишкектен активист, блогер, журналисттерге басымды токтотууга чакырып келет.

“Колуңар канга боёлгон”

Meta компаниясынын башчысы Марк Цукерберг социалдык түйүндөрдөн балдары жабыр тарткан делген ата-энелерден кечирим сурады. 31-январда Цукерберг TikTok, Snap, X социалдык түйүндөрүнүн жетекчилери менен балдардын Интернеттеги коопсуздугу тууралуу сенаторлордун суроолоруна жооп берди.

Америкалык мыйзам чыгаруучулар алар балдардын коопсуздугун камсыздашы үчүн жетиштүү чара көрбөй жатканын белгилешти.

Meta компаниясынын башчысы Марк Цукерберг алгачкы сөзүндө азыркы илимий изилдөөлөр социалдык түйүндөрдү колдонуу менен жаштардын психикалык саламаттыгы начарлашынын ортосунда эч кандай байланышты аныктабаганын айтты. Анын бул билдирүүсү сенаторлордун жана залдагы ата-энелердин ого бетер кыжырын келтирди.

Республикачы-сенатор, Сенаттын Юридикалык комитетинин мүчөсү Линдси Грэм социалдык түйүндөрдү “адам өмүрлөрүн алып, демократиянын өзүнө коркунуч жаратып жатат” деп айыптады.

“Цукерберг мырза, сиз жана алдыбызда отурган башка компаниялардын жетекчилери, силер мындай болушун каалган эмессиңер. Мен муну билем. Бирок силердин колуңар канга боёлгон. Силерде каражат бар. Силерде адамды өлтүрө турган нерсе бар”, - деди Грэм.

Асел Кутманалиеванын эки кичине кызы бар. Ал кыздары Фейсбук же башка платформаларда эмнелерди бөлүшүп, эмнелерди көрүп жатканын көзөмөлдөө өзүнүн милдети экенин айтат.

"Теориядан алып караганда “Фейсбукта балдар укугу корголот”,- деп айтылат. Мисалы, 13 жашка чейин каттала албайсың, андан кийин катталган балдарга ата-эне көзөмөлү берилет деген сыяктуу. Мен кыздарымды Интернеттен алыс кармайм деген туура эмес болуп калат. Анткени алар ушул заманда, технология менен Интернеттин заманында чоңоюп атышат. Анын үстүнө биз жолдошум экөөбүз тең ушул жаатта иштеп, аларды багып жатабыз. Андыктан, мен Фейсбук же башка социалдык тармактарда жашы жеткенде аккаунт ачып колдонушуна каршы эмесмин. Болгону, Интернеттеги киберкоопсуздук эрежелерин үйрөтүшүм керек. Мисалы, учурда биз жашаган Эстонияда балдардын укуктарына, коопсуздугуна өтө маани берилет. Ошол эле учурда мен эне катары эмнелерге маани беришин өзүм үйрөтүшүм керек, жүрүм- турумум менен көрсөтүшүм керек".

Учурда Сенат өкүлдөрү Социалдык түйүндөрдөгү балдардын коопсуздугун бекемдөөнү караган бир нече мыйзам долбоорлорун сунуштап жатышат. Алардын бири Интернетте сексуалдык эксплуатацияга кабылгандарга технологиялык плафтормаларды сотко берүү мүмкүндүгүн түзөт.

Сенаттагы жыйынга чогулган технологиялык компаниялардын жетекчилери балдарга зыян келтирүүнү ооздуктаган чараларды көрүп жатышканын бир нече ирет кайталашты.


Автор: Элиза Кенебаева, "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери


Булак: "Азаттык" үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн