Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 01:31
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Фейсбук Садыр Жапаровдун уу коргошун менен дарылануу боюнча видеосун өчүрдү

19.04.2021 15:21
854
Фейсбук Садыр Жапаровдун уу коргошун менен дарылануу боюнча видеосун өчүрдү


"Фейсбук" компаниясы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 15-апрелде жарыяланган COVID-19дан "айыктыруучу дары" тууралуу постун өчүрдү. Бул тууралуу "Фейсбуктун" басма сөз кызматы электрондук кат аркылуу "Азаттыкка" ырастаганын билдирди.


"Биз бул посту алып салдык. Себеби биз эч бир адамдын, анын ичинде шайланып келген расмий жетекчилердин адамга түздөн-түз физикалык залал келтире турган маалыматты бөлүшүүсүнө же COVID-19ду дарылоо же алдын алууга байланыштуу жалган маалыматтарды таратуусуна уруксат бербейбиз", - деп билдирди "Фейсбук" компаниясынын басма сөз катчысы.


Эске салсак, президент уу коргошун менен дарылоо үчүн даярдалган уу коргошундун видеосун социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырган эле.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн