Бугу 12, 2024
Убакыт: 07:25
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Фейсбуктагы пикири үчүн кармалган 70 жаштагы пенсионерге 50 миң сом айып салынды

24.11.2023 17:12
1173
Фейсбуктагы пикири үчүн кармалган 70 жаштагы пенсионерге 50 миң сом айып салынды


Таш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну, пенсионер Салия Таштанованын иши боюнча Жалал-Абад шаардык соту 22-ноябрда өкүм чыгарып, ага 50 миң сом айып салды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Төрөмаматов билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Салия Таштанова Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") менен күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айып салынган.

Пенсионерди 6-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин кызматкерлери кармаган. 17-октябрда ал үй камагына чыгарылган. Адвокат Токтосун Жоробеков Таштанова "президент менен УКМКнын төрагасынын абройуна шек келтирди, элге чакырык жасады" деген жүйө менен кармалганын билдирген.

Аялдардын кармалышы боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында да маселе көтөрүлүп, депутат Гүля Кожокулова Башкы прокуратурадан толук маалымат берүүнү өтүнгөн.

Кыргызстанда соңку мезгилде бир катар оппозициячыл саясатчы, активисттер камакка алынды. Аларга "бийликти басып алууга аракет кылды" дегенден тарта "мамлекетке чыккынчылык кылуу" беренесине чейин айыптар коюлду. Муну оппозиция бийликтин кысымы катары сыпаттаса, бийлик өлкөдөгү тартипти камсыздоо аракети деп түшүндүрүп келет.

Теги

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Рахат Акматцияева
Олкодо тартип орносун! Сынчынын сынар отугу майрык.Баардык нерсени ар бир инсан озунон башташ керек!!!
Рустам Юсупов
Мыйзамдын астында баарыбыз теңбиз,аял эркек дебей.