Бугу 17, 2024
Убакыт: 00:52
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Филармонияда Россия күнүнө карата көрүүчүсүз концерт өтөт

12.06.2020 09:44
1020
Филармонияда Россия күнүнө карата көрүүчүсүз концерт өтөт



Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында бүгүн, 12-июнда Россия күнүнө карата майрамдык онлайн концерт өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Концерт Маданият министрлиги, Россиянын Кыргызстандагы элчилиги, Россиянын КМШ өлкөлөрү, чет жерде жашаган мекендештер, эл аралык гуманитардык кызматташтык иштери боюнча федералдык агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулуп, эки өлкөнүн эриш-аркак жылына арналат.

 

Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу концерт көрүүчүлөрсүз өтүп, КТРКнын “Маданият. Тарых. Тил” каналы жана анын интернеттеги баракчалары аркылуу көрсөтүлөт.


Концертте кыргызстандык жана россиялык ырчылар, чыгармачыл топттор өз өнөрүн тартуулайт.


Концерт саат 11:00дө башталат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн