Бугу 19, 2024
Убакыт: 22:46
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Филиппин жана Кореядан 58 кыргызстандык кайтып келди

29.05.2020 13:59
885
Филиппин жана Кореядан 58 кыргызстандык кайтып келди


Бишкекке Филиппинден жана Кореядан Кыргызстандын 58 жараны кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.


Маалыматка ылайык, “Манас” эл аралык аэропортуна Сеул-Бишкек-Сеул каттамы боюнча 58 кыргызстандык менен учуп келген чартердик каттамын тосуп алышты. Учурда бардык учуп келген адамдар бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылган.


Аталган каттам Кореядан кыргыз жарандарын алып келип, кайра Кореянын, Япониянын жана АШКнын жарандарын алып чыгып кетүү үчүн корей тарабы менен макулдашылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн